Расмий мамлекеттик портал

Kara-Guz.gov.kg

Кара-Гуз айыл өкмөтү

Расмий бөлүм

Жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КАРА-КУЛЖА РАЙОНУНУН ПРОКУРОРУ КАРА-ГУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ТУРГУНДАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУП, КӨЙГӨЙЛӨРҮН ЖЕРИНЕН УГУШТУ
КАРА-КУЛЖА РАЙОНУНУН ПРОКУРОРУ КАРА-ГУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ТУРГУНДАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУП, КӨЙГӨЙЛӨРҮН ЖЕРИНЕН УГУШТУ

КАРА-ГУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КАЙРЫЛУУЛАРЫ ЖЕРИНДЕ УГУЛДУ 2026-жылдын 9-ноябрынан 19-ноябрына чейин Ош облусунун прокурору Б. Сыдыгалиевдин тапшырмасы менен Кара-Кулжа районунун прокурору Тазабеков Азат Кансеитович 2026-жылдын 10-ноябрь күнү Кара-Гуз айыл өкмөтү жана Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Идирисов Мелис Насырович болуп, Кара-Гуз айыл аймагынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө район прокурору жарандардын арыз-даттанууларын жана кайрылууларын жеринде угуп, көтөрүлгөн маселелер боюнча суроолоруна жооп берди. Мындай жолугушуулар жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, көйгөйлөрдү өз убагында аныктоого, мыйзамдуулукту камсыз кылууга жана калк менен мамлекеттик органдардын ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган. Жарандардын үнүн угуу, көйгөйлөрүнө көңүл буруу жана мыйзам чегинде чечүү жолдорун издөө - эл менен иштөөнүн маанилүү багыты боюнча түшүндүрүү иштери боюнча жарандарга сөз сүйлөдү.

153 дня назад
V Элдик Курултайга делегаттар шайланды
V Элдик Курултайга делегаттар шайланды

Кара-Гуз айыл аймагында V Элдик Курултайдын делегаты шайланды. Кара-Гуз айыл айыл аймагынын коомдоштуктарынын жалпы жыйынында 2026-жылдын 18-декабрында өтө турган кезектеги V Элдик Курултайдын делегаты болуп, Кара-Гуз айыл аймагынын Кара-Жыгач айылынын тургуну Базарбаев Зайирбек Мамашарипович, Кеңеш айылынын тургуну Жунусов Сагынбай Жээнбековичтер шайланды.

453 недели назад
Кара-Гуз айыл аймагында ит атуу иш-чарасы бүгүндөн башталды
Кара-Гуз айыл аймагында ит атуу иш-чарасы бүгүндөн башталды

20.10.2026-жыл Кара-Гуз айыл аймагында ит атууга 50 000 сом бөлүнгөн. Бугүн ит атуу иш-чарасы уюштурулуп, 27 ит атылып аймактагы яма беккариге ташталды. Ит атуу боюнча атайын график коюлуп, айылдар боюнча кезек менен ит атуу башталды. Эгерде кимде ким ит аттыра турган болсо же жолбун иттер жүргөн болсо Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн ветеринар кызматкери Салибай уулу Актилекке 0776071191 номери аркылуу чалып аттырсаңыз болот.

294 недели назад

Расмий бөлүм

Долбоорлор

Баардык долбоорлор
Кара-Гуз айыл өкмөтү ЖРТ дан район боюнча жогорку бал алган 3 окуучуга акчалай сыйлыктар менен колдоо көрсөттү
Расмий маалымат
Кара-Гуз айыл өкмөтү ЖРТ дан район боюнча жогорку бал алган 3 окуучуга акчалай сыйлыктар менен колдоо көрсөттү

Кара-Гуз айыл аймагындагы ЖРТ дан жогорку бал алган Таштан Суранбаев атындагы Карагуз жалпы билим берүү мектеби мекемесинин окуучусуна Кара-Гуз айыл өкмөтүн тарабынан Маматкелдиев Даниел 220 бал алгандыгы үчүн 10 000 сом, 02.07.2026-жыл күнү Кара-Кулжа Райондук Мамлекеттик Администрациясы нда болгон куттуктоо жыйынында 10 000 сом жалпы 20 000 сом Апыз Калматов атындагы жалпы билим берүү мектеби мекемесинин окуучусу Муканбек кызы Зейнеп 206 бал алгандыгы үчүн 5 000 сом Кара-Кулжа Райондук Мамлекеттик Администрациясында болгон куттуктоо жыйынында 10 000 сом жалпы 15 000 сом акчалай колдоо куттуктоосу берилип, Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлери тарабынан чакан куттуктоо концерти тартууланды жана Абдразак Мырзаибраимов атындагы жалпы билим берүү мектеби мекемеси орточо бал алгандыгы үчүн Кара-Гуз Айыл Өкмөтү тарабынан ардак грамоталар жана жогорудагы аты аталган мектеп директорлоруна ыраазычылык каттар тапшырылды. Урматтуу ЖРТ дан жогорку бал алган Таштан Суранбаев атындагы Карагуз жалпы билим берүү мектеби мекемесинин окуучусу Маматкелдиев Даниел жана Апыз Калматов атындагы жалпы билим берүү мектеби мекемесинин окуучусу Муканбек кызы Зейнеп сиздерди Кара-Кулжа району боюнча эн жогорку бал алган 7 окуучунун экөөсү Кара-Гуз айыл аймагынын окуучулары болгондугунуздарга терең ыраазычылык, сыймыктануу менен силерге алдыдагы каалаган жогорку окуу жайда окуп, дагыда терең билим алып, Кыргызстандын желегин желбиреткен белгилүү инсандардын катарын толукташынарга ишенебиз. Кара-Гуз айыл өкмөтү тарабынан ийгилик каалайбыз!

74 месяца назад

Расмий бөлүм

Жарыялар

Баардык жарыялар
Социалдык-экономикалык стратегиялык планын бекитүү талкууланды
Расмий маалымат
Социалдык-экономикалык стратегиялык планын бекитүү талкууланды

Кара-Гуз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлери,жергиликтүү кеңештин бюджет комитетинин мүчөлөрү жана Кара-Кулжа жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким З.Б.Сыдыков, биринчи орун басары Т. Т. Кармышаков, аппарат жетекчиси Т.Ш.Абдибалиев жана тиешелүү тармактагы адистери менен Кара-Гуз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-2030-жылдарга Социалдык-экономикалык стратегиялык планын бекитүү талкууланды.

168 месяцев назад
Урматтуу Кара-Гуз айыл аймагынын тургундары!
Расмий маалымат
Урматтуу Кара-Гуз айыл аймагынын тургундары!

📢 Кулактандыруу! Урматтуу Кара-Гуз айыл аймагынын тургундары! "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу жеткиликтүү болгон маалыматтар жана маалымкаттар эми кагаз түрүндө берилбейт. Бул чечим жарандардын кызматтарды санарип аркылуу ыкчам жана ыңгайлуу алуусуна шарт түзөт. Эми көпчүлүк маалымкаттарды үйдөн чыкпай эле, "Түндүк" тиркемеси аркылуу алып пайдаланууга болот. 📲 Тиркемени жүктөп алып, колдонууга өтүңүз! Суроолоруңуз болсо, тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылсаңыз болот.

318 месяцев назад