Кара-Гуз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдиндин Кара-Гуз айыл аймагындагы жалпы билим берүү мектептеринин бүтүрүүчүлөрүн куттуктоосу: Урматтуу бүтүрүүчүлөр! Бүгүн силер турмуштун кенен, жарык жолуна карай алгачкы эркин кадамды баштоонун алдында турасыңар. Силердин алдыдагы келечегиңер, тандаган жолуңар жеке өзүңөрдөн көз каранды экендигин унутпагыла. Алган билимиңер, татыктуу таалим-тарбияңар менен коомдон ордуңарды таап, мыкты, кесипкөй, өз элин, туулган жерин урматтаган мекенчил жана намыстуу жаран болушуңарга терең ишеним артам. Дайыма, бийик жеңиштерди билим, илим менен багындырган жаштардын катарында келечектүү, ырыс-кешиктүү болушуңарга тилектештигимди билдирем! Сиздерди урматтоо менен, Кара-Гуз айыл аймагынын башчысы башчысы Иса уулу Нурдин.
Өкмөттүн кайрылуулары
Бул бөлүмдөгү материалдар admin аркылуу жарыяланат.
Урматтуу бүтүрүүчүлөр!
62 месяца назад