Расмий мамлекеттик портал

Kara-Guz.gov.kg

Кара-Гуз айыл өкмөтү

Долбоорлор

Бул бөлүмдө бардык долбоорлор жарыяланат.

Кара-Гуз айыл өкмөтү ЖРТ дан район боюнча жогорку бал алган 3 окуучуга акчалай сыйлыктар менен колдоо көрсөттү
Кара-Гуз айыл өкмөтү ЖРТ дан район боюнча жогорку бал алган 3 окуучуга акчалай сыйлыктар менен колдоо көрсөттү

Кара-Гуз айыл аймагындагы ЖРТ дан жогорку бал алган Таштан Суранбаев атындагы Карагуз жалпы билим берүү мектеби мекемесинин окуучусуна Кара-Гуз айыл өкмөтүн тарабынан Маматкелдиев Даниел 220 бал алгандыгы үчүн 10 000 сом, 02.07.2026-жыл күнү Кара-Кулжа Райондук Мамлекеттик Администрациясы нда болгон куттуктоо жыйынында 10 000 сом жалпы 20 000 сом Апыз Калматов атындагы жалпы билим берүү мектеби мекемесинин окуучусу Муканбек кызы Зейнеп 206 бал алгандыгы үчүн 5 000 сом Кара-Кулжа Райондук Мамлекеттик Администрациясында болгон куттуктоо жыйынында 10 000 сом жалпы 15 000 сом акчалай колдоо куттуктоосу берилип, Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлери тарабынан чакан куттуктоо концерти тартууланды жана Абдразак Мырзаибраимов атындагы жалпы билим берүү мектеби мекемеси орточо бал алгандыгы үчүн Кара-Гуз Айыл Өкмөтү тарабынан ардак грамоталар жана жогорудагы аты аталган мектеп директорлоруна ыраазычылык каттар тапшырылды. Урматтуу ЖРТ дан жогорку бал алган Таштан Суранбаев атындагы Карагуз жалпы билим берүү мектеби мекемесинин окуучусу Маматкелдиев Даниел жана Апыз Калматов атындагы жалпы билим берүү мектеби мекемесинин окуучусу Муканбек кызы Зейнеп сиздерди Кара-Кулжа району боюнча эн жогорку бал алган 7 окуучунун экөөсү Кара-Гуз айыл аймагынын окуучулары болгондугунуздарга терең ыраазычылык, сыймыктануу менен силерге алдыдагы каалаган жогорку окуу жайда окуп, дагыда терең билим алып, Кыргызстандын желегин желбиреткен белгилүү инсандардын катарын толукташынарга ишенебиз. Кара-Гуз айыл өкмөтү тарабынан ийгилик каалайбыз!

74 месяца назад