Расмий мамлекеттик портал

Kara-Guz.gov.kg

Кара-Гуз айыл өкмөтү

Жаңылыктар

Бул бөлүмдө бардык жаңылыктар жарыяланат.

КАРА-КУЛЖА РАЙОНУНУН ПРОКУРОРУ КАРА-ГУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ТУРГУНДАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУП, КӨЙГӨЙЛӨРҮН ЖЕРИНЕН УГУШТУ
КАРА-КУЛЖА РАЙОНУНУН ПРОКУРОРУ КАРА-ГУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ТУРГУНДАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУП, КӨЙГӨЙЛӨРҮН ЖЕРИНЕН УГУШТУ

КАРА-ГУЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КАЙРЫЛУУЛАРЫ ЖЕРИНДЕ УГУЛДУ 2026-жылдын 9-ноябрынан 19-ноябрына чейин Ош облусунун прокурору Б. Сыдыгалиевдин тапшырмасы менен Кара-Кулжа районунун прокурору Тазабеков Азат Кансеитович 2026-жылдын 10-ноябрь күнү Кара-Гуз айыл өкмөтү жана Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Идирисов Мелис Насырович болуп, Кара-Гуз айыл аймагынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө район прокурору жарандардын арыз-даттанууларын жана кайрылууларын жеринде угуп, көтөрүлгөн маселелер боюнча суроолоруна жооп берди. Мындай жолугушуулар жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, көйгөйлөрдү өз убагында аныктоого, мыйзамдуулукту камсыз кылууга жана калк менен мамлекеттик органдардын ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган. Жарандардын үнүн угуу, көйгөйлөрүнө көңүл буруу жана мыйзам чегинде чечүү жолдорун издөө - эл менен иштөөнүн маанилүү багыты боюнча түшүндүрүү иштери боюнча жарандарга сөз сүйлөдү.

153 дня назад
V Элдик Курултайга делегаттар шайланды
V Элдик Курултайга делегаттар шайланды

Кара-Гуз айыл аймагында V Элдик Курултайдын делегаты шайланды. Кара-Гуз айыл айыл аймагынын коомдоштуктарынын жалпы жыйынында 2026-жылдын 18-декабрында өтө турган кезектеги V Элдик Курултайдын делегаты болуп, Кара-Гуз айыл аймагынын Кара-Жыгач айылынын тургуну Базарбаев Зайирбек Мамашарипович, Кеңеш айылынын тургуну Жунусов Сагынбай Жээнбековичтер шайланды.

453 недели назад
Кара-Гуз айыл аймагында ит атуу иш-чарасы бүгүндөн башталды
Кара-Гуз айыл аймагында ит атуу иш-чарасы бүгүндөн башталды

20.10.2026-жыл Кара-Гуз айыл аймагында ит атууга 50 000 сом бөлүнгөн. Бугүн ит атуу иш-чарасы уюштурулуп, 27 ит атылып аймактагы яма беккариге ташталды. Ит атуу боюнча атайын график коюлуп, айылдар боюнча кезек менен ит атуу башталды. Эгерде кимде ким ит аттыра турган болсо же жолбун иттер жүргөн болсо Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн ветеринар кызматкери Салибай уулу Актилекке 0776071191 номери аркылуу чалып аттырсаңыз болот.

294 недели назад
Коррупцияга каршы сүрөттөгү Кюар коду аркылуу Онлайн сурамжылоосуна катышсаңыздар болот.
Коррупцияга каршы сүрөттөгү Кюар коду аркылуу Онлайн сурамжылоосуна катышсаңыздар болот.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдында Ченем жаратуу мыйзамдын үстөмдүгү институтунун 2026-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы маалыматтык саясатынын Мамлекеттик программасынын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 9-пункту. Кюар коду аркылуу Онлайн сурамжылоосуна катышсаңыздар болот. Сурамжылоонун максаты: Коррупциянын алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө жарандардын маалымдуулук деңгээли тууралуу обьективтүү маалымат алуу. Сурамжылоонун шарты; ыктыярдуу, жана анонимдүү анкета.

454 недели назад
Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот! Кара-Гуз айыл аймагында Ишембилик уюштурулду
Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот! Кара-Гуз айыл аймагында Ишембилик уюштурулду

19.10.2026-жыл Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн кызматкерлери Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн кире беришинен Жаңы-Талаа, Кеңеш айылдарынын башына чейинки жол бойлорундагы таштандылардан арылуу үчүн ишембилик уюштурулуп, 2 портер толо таштанды полигонго чыгарылып, жергиликтүү элдерге таштанды таштабоого жана ишембиликтерге активтүү катышууну үндөдү.

54 недели назад
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн жыйындар залында Этика жана коррупцияга каршы комиссияларынын отуруму болуп өттү.
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн жыйындар залында Этика жана коррупцияга каршы комиссияларынын отуруму болуп өттү.

Бүгүн Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн жыйындар залында Этика жана коррупцияга каршы комиссияларынын отуруму болуп өттү. Отурумда өкмөт башчы комиссиялар менен биргеликте аппарат кызматкерлери менен маданият кызматкерлерине дрескод жана коррупцияга каршы мыйзамдар, этика кодекстер менен тааныштырып, мындан ары коррупцияга каршы комиссиясынын төрагасы Маманов Рустам кызматкелердин биринде коррупцияга каршы белгилер болсо чара көрүлөрүн эскертти. Этика кодексинин талаптарына ылайык, өзүн алып жүрүүсү ар-бир кызматкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Этика комиссиясынын төрайымы Калдар кызы Упол Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине толугу менен тааныштырды. Отурумда кызмат учурунда этика жана коррупция боюнча суроолор берилип, жооптор талкууланды.

494 недели назад
Кара-Гуз айыл аймагы
Кара-Гуз айыл аймагы

Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Сыдыков Замирбек Бейшенович Жана Кара-Кулжа райондук финансы башкармалыгынын башчысы Бапышев Калмамат Тургунбаевич, Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдин, орун басары Каденов Кылычбек Шермаматович тиешелүү кызматкерлери менен биргеликте 2026-жыл ичинде Өнүктүрүү фондусунан жана түрткү берүүчү гранттан жана жергиликтүү бюджеттен ишке ашкан жана ишке ашып жаткан иштер менен жеринде таанышып чыгышты. 2026-жылы жай, күз айларында аткарылган долбоорлор төмөндөгүдөй. 1 Кара-Гуз айыл аймагынын кире беришинен Жаңы-Талаа айылына чейинки 3 км жарыктандыруу жана 400 метр жашылдандыруу үчүн тосмосу. 2 Кеңеш айылындагы Адижалил Шерматов көчөсүндөгү жол жээгине коюлуучу иригациялык латоктор. Узундугу 858 метрден эки бет жалпы 1716 метр. 3 Калматай айылындагы Мектеп жанындагы дамба. Узундугу 100 метр. 4 Жетим-Дөбө Ташмаматов Разакул көчосүндөгү 1,5 км жарыктандруу. 5 Кара-Жыгач айылындагы Эргеш Абдылдаев атындагы көчосүндөгү узундугу 2 км жарыктандруу. 16.10.2026-жыл Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Сыдыков Замирбек Бейшенович жана Кара-Кулжа райондук финансы башкармалыгын башчысы Бапышев Калмамат Тургунбаевич , Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурдин , орун басары Каденов Кылычбек Шермаматович тиешелүү кызматкерлери менен биргеликте 2026-жыл ичинде Өнүктүрүү фондусунан жана түрткү берүүчү гранттан жана жергиликтүү бюджеттен ишке ашкан жана ишке ашып жаткан иштер менен жеринде таанышып чыгышты. 2026-жылы жай күз айларында аткарылган долбоорлор төмөндөгүдөй. 1 Кара-Гуз айыл аймагынын кире беришинен Жаңы-Талаа айылына чейинки 3 км жарыктандыруу жана 400 метр жашылдандруу үчүн тосмосу. 2 Кеңеш айылындагы Абдижалил Шерматов көчөсүндөгү жол жээгине коюлуучу иригациялык латоктор. узундугу 858метрден эки бет жалпы 1716метр 3 Калматай айылындагы Мектеп жанындагы дамба.узундугу 100метр. 4 Жетим-Дөбө Ташмаматов Разакул көчөсүндөгү 1,5 км жарыктандруу. 5 Кара-Жыгач айылындагы Эргеш Абдылдаев көчөсүндөгү 2 км жарыктандруу. 6 Калматай айлындагы А.Алымкулов көчөсү,Калматай айлынын кире бериши жана Кыз-Мазардан Кеңеш айлынын аркасына чейин жарыктандыруу 3км. Жалпысынан жасалган иштер боюнча оң баа берилип айрым ишкерлерден кетирилген кемчиликтерди оңдоо боюнча талап коюлуп аткарууга мөөнөт берилди. Мындан сырткары Жаңы-Талаа-Калматай, Жаңы-Талаа-Кеңеш жолуна басылган асфальт боюнча жеринде көрүп, подрятчиктерге сунуштар берилди.

34 недели назад
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн жыйындар залында этика жана коррупцияга каршы комиссияларынын отуруму болуп өттү.
Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн жыйындар залында этика жана коррупцияга каршы комиссияларынын отуруму болуп өттү.

Бүгүн Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн жыйындар залында Этика жана коррупцияга каршы комиссияларынын отуруму болуп өттү. Отурумда өкмөт башчы комиссиялар менен биргеликте аппарат кызматкерлери менен маданият кызматкерлерине дрескод жана коррупцияга каршы мыйзамдар, этика кодекстер менен тааныштырып, мындан ары коррупцияга каршы комиссиясынын төрагасы Маманов Рустам кызматкелердин биринде коррупцияга каршы белгилер болсо чара көрүлөрүн эскертти. Этика кодексинин талаптарына ылайык, өзүн алып жүрүүсү ар-бир кызматкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Этика комиссиясынын төрайымы Калдар кызы Упол Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине толугу менен тааныштырды. Отурумда кызмат учурунда этика жана коррупция боюнча суроолор берилип, жооптор талкууланды.

44 недели назад
Кара-Гуз айыл өкмөтү
Кара-Гуз айыл өкмөтү

Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы аппарат кызматкерлери жана маданият кызматкерлери менен биргеликте 7 мектеп 7 бала-бакчаларды жеринен барып 5-октябрь мугалимдер күнү менен өзгөчө куттуктоо жасады. Урматтуу агай-эжейлер! Сиздерди 5-октябрь - Мугалимдердин кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Мугалим - бул билим берген гана эмес, жаш муундун жүрөгүнө из калтырган, келечекке жол көрсөткөн ардактуу кесиптин ээси. Сиздердин ар бир сабагыңыздар, ар бир айткан сөзүңүздөр окуучулардын келечегине чоң таасир берет. Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, узун өмүр, түгөнгүс чыгармачылык дем жана кесиптик ийгиликтерди каалайбыз! Ар бир окуучуңуздардын жетишкендиги сиздерге сыймык жана кубаныч тартууласын. Эмгегиңиздер эл тарабынан бааланып, кадыр-баркыңыздар артып, шакирттериңиздердин алкышы жана урматы сиздерге ар дайым дем-күч берип турсун! Майрамыңыздар кут болсун, урматтуу мугалимдер! Сиздерге таазим кылып, ак эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдиребиз! Мугалим сезимимде бийик адам, Мугалим бул жашоодо кыйын адам. Бул ааламда көрүнүктүү инсандарда да, Президент да мугалимден билим алган. Мугалим жарк деп тийген күндөйсүнөр Бул ааламда жакшылыкка үндөйсүңөр Бул жашоодо канча түйшүк болсо дагы, Мээнет менен силер аны жеңээрсинер.

3в прошлом месяце
Кара-Гуз айыл өкмөтү ЖРТ дан район боюнча жогорку бал алган 3 окуучуга акчалай сыйлык, колдоо көрсөттү
Кара-Гуз айыл өкмөтү ЖРТ дан район боюнча жогорку бал алган 3 окуучуга акчалай сыйлык, колдоо көрсөттү

Кара-Гуз айыл аймагындагы ЖРТ дан жогорку бал алган Таштан Суранбаев атындагы Карагуз жалпы билим берүү мектеби мекемесинин окуучусуна Кара-Гуз айыл өкмөтүн тарабынан Маматкелдиев Даниел 220 бал алгандыгы үчүн 10 000 сом, 02.07.2026-жыл күнү Кара-Кулжа Райондук Мамлекеттик Администрациясы нда болгон куттуктоо жыйынында 10 000 сом жалпы 20 000 сом Апыз Калматов атындагы жалпы билим берүү мектеби мекемесинин окуучусу Муканбек кызы Зейнеп 206 бал алгандыгы үчүн 5 000 сом Кара-Кулжа Райондук Мамлекеттик Администрациясында болгон куттуктоо жыйынында 10 000 сом жалпы 15 000 сом акчалай колдоо куттуктоосу берилип, Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлери тарабынан чакан куттуктоо концерти тартууланды жана Абдразак Мырзаибраимов атындагы жалпы билим берүү мектеби мекемеси орточо бал алгандыгы үчүн Кара-Гуз Айыл Өкмөтү тарабынан ардак грамоталар жана жогорудагы аты аталган мектеп директорлоруна ыраазычылык каттар тапшырылды. Урматтуу ЖРТ дан жогорку бал алган Таштан Суранбаев атындагы Карагуз жалпы билим берүү мектеби мекемесинин окуучусу Маматкелдиев Даниел жана Апыз Калматов атындагы жалпы билим берүү мектеби мекемесинин окуучусу Муканбек кызы Зейнеп сиздерди Кара-Кулжа району боюнча эн жогорку бал алган 7 окуучунун экөөсү Кара-Гуз айыл аймагынын окуучулары болгондугунуздарга терең ыраазычылык, сыймыктануу менен силерге алдыдагы каалаган жогорку окуу жайда окуп, дагыда терең билим алып, Кыргызстандын желегин желбиреткен белгилүү инсандардын катарын толукташынарга ишенебиз. Кара-Гуз айыл өкмөтү тарабынан ийгилик каалайбыз!

34 месяца назад
8-март
8-март

8-март - Аялдардын эл аралык майрамына карата Кара-Гуз айыл аймагындагы жашы улгайган аялдарга сый-урмат көрсөтүлүп, белектер тапшырылды. Айымдарды жаз майрамы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана ийгиликтер кааланды.

458 месяцев назад
КР Жогорку Кеңешинин депутаты С.А.Өмүзаков КР Кара-Гуз айыл аймагынын эли менен жолугушуу өткөрдү
КР Жогорку Кеңешинин депутаты С.А.Өмүзаков КР Кара-Гуз айыл аймагынын эли менен жолугушуу өткөрдү

КР Жогорку Кеңешинин депутаты С.А.Өмүзаков КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары К.Г.Айтибаев жана Кара-Кулжа жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун-басары Т. Т. Кармышаков менен биргеликте Кара-Гуз айыл аймагынын эли менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда элдин ой-пикирлерин угуп, суроо-жооп иретинде кенен талкуу жүргүзүлдү. 19.08.2025-жыл

9818 месяцев назад
Баатыр энелерибизге терең таазим жана бекем ден-соолук каалайбыз.
Баатыр энелерибизге терең таазим жана бекем ден-соолук каалайбыз.

2025-жылдын 30-июлунда, Кара-Гуз айыл аймагындагы көп балалуу энелерге чоң урмат көрсөтүлдү. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-майындагы №159 Жарлыгынын негизинде, "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен бир катар энелер сыйланышты. 👩👧👦🎖 💐 Баатыр энелерибизге терең таазим жана бекем ден-соолук каалайбыз.

118 месяцев назад