Кара-Гуз айыл өкмөтү
Жаңылыктар3 көрүүв прошлом месяце


Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы аппарат кызматкерлери жана маданият кызматкерлери менен биргеликте 7 мектеп 7 бала-бакчаларды жеринен барып 5-октябрь мугалимдер күнү менен өзгөчө куттуктоо жасады.
Урматтуу агай-эжейлер!
Сиздерди 5-октябрь — Мугалимдердин кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Мугалим — бул билим берген гана эмес, жаш муундун жүрөгүнө из калтырган, келечекке жол көрсөткөн ардактуу кесиптин ээси. Сиздердин ар бир сабагыңыздар, ар бир айткан сөзүңүздөр окуучулардын келечегине чоң таасир берет.
Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, узун өмүр, түгөнгүс чыгармачылык дем жана кесиптик ийгиликтерди каалайбыз! Ар бир окуучуңуздардын жетишкендиги сиздерге сыймык жана кубаныч тартууласын.
Эмгегиңиздер эл тарабынан бааланып, кадыр-баркыңыздар артып, шакирттериңиздердин алкышы жана урматы сиздерге ар дайым дем-күч берип турсун!
Майрамыңыздар кут болсун, урматтуу мугалимдер!
Сиздерге таазим кылып, ак эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!
Мугалим сезимимде бийик адам,
Мугалим бул жашоодо кыйын адам.
Бул ааламда көрүнүктүү инсандарда да,
Президент да мугалимден билим алган.
Мугалим жарк деп тийген күндөйсүнөр
Бул ааламда жакшылыкка үндөйсүңөр
Бул жашоодо канча түйшүк болсо дагы,
Мээнет менен силер аны жеңээрсинер.